тепей
- Көзгө токтомдуу болбой, кичинекей көрүнүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Желке чачы сепейип, / Көк наакы бутта тепейип, / Камчылап атын дардаңдап, / Тайган кууган текедей, / Таноолору барбаңдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Этектери далбаңдап, / Кара темир калканы, / Аркасында калдаңдап, / Качырып кирди чоң калмак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Асманда мунар буу чыгат, / Будургуган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн экен жол менен, / Айры сакал Сынчыбек, / Алтымыш санча кол менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан чыгуучу эшик бар, / Как тушунда тешик бар, / Көк кепичин тепейтип, / Желке чачын сепейтип, / Чыга калса Коңурбай, / Турган экен тору айгыр, / Тер агып көл-шал болуп, / Кең соорусу кан болуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айсалкынга Айчүрөк, / Алдырып келип сандыкты, / Сандыктан алды бир даары, / Чайкатып чанач кымызды, / Ал дарыдан салганы: / — Байлап койгун чаначты, / Таза жууп белендеп, / Тайарлагын айакты, / Катындар келет кайкайып, / Элечеги каркайып, / Кемпирлер келет тепейип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →