тенти

китептерде 71 жолу, 9 китепте
  1. Ар кандай себептер менен эл-жеринен азуу, эптеп күн көрүү үчүн эл аралап кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жердин бети томолок, / Тентип киши жоголбойт, / Конуш таппай жер чардап, / Аш беришке түк болбойт, / Көкөтөйдөн ашы, деп, / Көп жыйындын кашы, деп, / Айтылып жүргөн эмгиче, / Даңазалуу бул бир кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бай болбой Жакып, тентип кет, / Жыргатар болсо калмактар / Баркөлгө кайра көчүп кет! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Теңдешкен душман бар болсо, / Тентип жүрө бергиндей. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— «Ушул шаарда бир кара тоголок кыргыз бала тентип жүрөт дейт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →