тентектик
- Адат болуп калган, жалпыга белгилүү көпчүлүк үчүн норма болуп калган жүрүш-туруш эрежелерин бузуучулук, ээн баштык, шоктук, тартипсиздик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арстандан калган чунактын, / Келе жаткан үч урук, / Тентектигин билбеди, / Ач белестин кайкыга, / Алды чыгып келди эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мен барайын эл менен, / Тентектик кылыш анча эмес, / Тебилип аккан сел менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Бала Курман да бүгүн башкача табына келгендей жалаңдап, тентектиктин чегинен чыгып кеткен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →