тентектен
- Тентектик кылуу, ээнбаштануу, бейбаш болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тентектен келди Буйтуна – / Темир кийген чоң бала, / Коросондук неме эле, / Азыркы тирүү кишиде, / Мен жалгызмын дээр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бекбача алган деп укса, / Эл унчукпай тыйылат, / Эримдин жогун эл билди, / Албай таштап сен кетсең, / Элдин баары чыр кылат, / Тентектен чыгат нечени, / Алаштын төгүп абийрин, / Унутулгус сыр кылат, / Жашырылбайт жамандык, / Элге тарап угулат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өзүнчө келип кытайдан, / Кызматкерлер кошулган, / Телегейи тең өткөн, / Теңдештен эки шер өткөн – / Тентектен Сыргак эр өткөн, / Алтымыш уруу алашка, / Айткан кеби деги өткөн, / Аксакал Кошой кары өткөн, / Арстан эрдин тушунда, / Нечен асыл бары өткөн, / Жетим калып Се…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Теңирим берсе тилекти, / Тентиген эне силерди, / Теке аткандын ордуна, / Тентектен тумар ачайын».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →