тентек
- Шок, бейбаш, тартипсиз, ээнбаш.
- Шайкелең, оюнкараак.
- өт. Тынчыбаган, ойкуп-кайкыган, бууракандаган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лп, / Кол салдың деп кыргызга, / Жалаңгыч сарык Кененим, / Баарынын канын агызса, / Алты урук келсек чогулуп, / Эми неге келдиң, деп, / Теңдик кепке келбесе, / Тентек уулу Асылды, / Күүлөп бизге жиберсе, / Карың казык болгуча, / Башың жастык болгунча, / Кан төгүшүп урушуп, / Теңешели кыргызга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Темирден тону беш кабат, / Тентектин бири кызталак, / Башында туулга жети кат, / Беттешкенин мерт кылат, / Алып жүргөн кан жалап, / Кара темир калканы, / Кабаты тогуз байкачы, / Барган жерден баш алган, / Бадырек өзү мыкаачы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Уулум тентек дедиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ — Атым ырас, Айчүрөк, / Сүрөттөн көрүп кыз издеп, / Тентек чыкты Сейитек, / Көргөн кыз сага түспөлдөш, / Ан үчүн келдик сени издеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Башариндикине мындай жөн салды барганда токоч бермек түгүл, тентек баласы — Петке бизди көрсө кыжыры кайнап уруп, ызалап коё берүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →