темтеңде
- Буту чалыштап, тамтаңдоо, түз баса албоо.
- Белгилүү бир жерде, кызматта көпкө чейин туруктуу болуп кала албай, улам бир жерге которулган же тың оокат кыла албай эптеп-септеп күн өткөргөн абалда болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аттанган казак элинен, / Жээн жайлоо Алтай жеринен, / Таласка барып Медеркан, / Мадыбектин айлына, / Барып кирди четинен, / Бута атым жакын калганда, / Атынан түшүп жетелеп, / Амандык сурап энтелеп, / Жүрөгү коркуп эрк бербей, / Медерканды көргөндө, / Мүдүрүлүп темтеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Беттешейин белсенип, / Мен- менсиген немеге, / Качан да болсо бет келем, / Мен качпаймын дегеле, / Темтеңдебей бул жерде, / Көрсөтөйүн күчүмдү, / Элдер көрсүн кең жерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жолдо эки ат өлтүрүп, / Жолдон жыгып ат минип, / Ат мингенде бат минип, / Сынчыбектин үстүнө, / Кирип келди энтеңдеп, / Ары бери сенделип, / Жаш баладай темтеңдеп, / Муну көргөн Сынчыбек: / — Бейадеп өскөн нааданды, / Бандонуга бас!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жоболоң салбай темтеңдеп, / Жолдоку элден, сурап кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Көз жиберип караса, / (Илгеркинин кептери, / Эмикиге тамаша) / Күүсү менен найзанын, / Кулап кеткен бадырек, / Кооп кетип баратат, / Тайанып жерди темтеңдеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →