темтей2

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Байкуштук башына түшүп, киши аярлык түргө келүү, маанайы пас, капалуу, түйшүктүү абалда болуу.
  2. Абдырап эмне кылаарын билбей калган түргө келүү. Жүүнү бошоп, шелпейген абалга келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбай жайын айтты деп, / Шибелердин Йобалы, / Кетемин деп келипсиң, / Кетчү киши темтейип, / Бетиркенин артынан, / Ээрчип неге келгенсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атадан кечип серпишип, / Казакка батып туралбай, / Мында келдим сенделип, / Мындан кетип жай таппай, / Бапестөөчү зал таппай, / Баш калкалар жай таппай, / Мен каламбы темтейип? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Угуп туруп эр Сейит: / “Куткарбас деген арам кор, / Тапан хандын элине, / Салган экен көп кейиш, / Тапан хандын элинде, / Балбандары көп экен, / Алалбаптыр эңкейтип, / Тарттырып алар катынын, / Жүрүптүр булар темтейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эмчектен чыкты эрбейип, / Буту чыкты темтейип, / Балаңды өзүң багып ал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кайдан келди балакет, / Эки буту тең сынык, / Мен жүргөмүн өлдү деп, / Дегеле ойдо жок эле, / Темтейип жетип келет деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →