темселе
- Таба албай, көрө албай карайлоо, курулай убаралануу, жол таба албай сыйпалап, ар нерсени кармалап басуу.
- Чарчап-чаалыкканда, кыйналып жүдөгөндө, арыпачканда темтеңдеп калуу, тентирөө, эптеп сүйрөлүп жүрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Четинен моңгул кол салып, / Темселетип тийгенде, / Кыргызды кырып киргенде, / Бекбача жетти ал кезде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кат жазып анын баарына, / Элөөсүздөн алдыртып, / Жайын угуп сурашып, / Темирге жакын дегенди, / Темселетип кууратып, / Тирүү койбой сулатып, / Улук кылып кай бирөөн, / Турган жерин суратып, / Падыша Шоорук дегенди, / Жети сууга таратып, / Элөөсүздөн ээ болду, / Өзүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жер түбүнө кирсе да, / Бурулбастан мен барып, / Асманга учуп кайкалап, / Таманыңан тартпасам, / Жерге кирсе темселеп, / Көкүлүнөн тартпасам, / Кененим атым курусун, / Жакшы эмес, Саламат, / Сенин мындай турушуң, / Чаар толуптур көзүңө, / Каар толуптур жүзүңө, / Жакшы-жаман иш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ызылдаба, ызгыч куш, / Темселеп болдум кайдан туш?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Коңурбай келип Таласка, / Кек алам деп энтелеп, / Олжо берип, мал-мүлкүн, / Качкан экен темселеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →