темирдей
- Катуу, бекем, чың.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбача келсе жакындап, / Ээң келди дегенсип, / Чакчыгайлар чакылдап, / Качандан бери томсоруп, / Дымбырдым жаткан сары сай, / Закым учуп закылдап, / Жан үзө элек жаткандай / Жумулбай көзү жалтылдап, / Болбосо Калдык көздөрүн, / Чукуп алган олойтуп, / Кулагы калган темирдей, / Керилип турат калдайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Уйутуп койгон чойундай, / Бу чочконун жүрөгү, / Эти жок баары тарамыш, / Сом темирдей билеги, / Арзандык менен бул итке, / Адам уулу тиеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бар мүчөсү бөлөкчө, / Эки бети табактай, / Жерди карай салаңдап, / Эмчеги эшек башындай, / Көөдөнүндө салаңдап, / Эр чырагы эки көз, / Маңдайында алаңдап, / Кара буусу түтүндөй, / Ач бөрүдөй жалаңдап, / Кулагы калкан темирдей, / Мурду тоонун сеңирдей, / Чоркок уста жасаган, / Колу-буту буурсундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ширөө чыккан темирдей, / Көрөр көзгө күжүлдөп, / Тогуз күн жатып дем алып, / Бар тапканын жеп алып, / Кайратына карк толуп, / Келген экен чыйралып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…ериң эртең бөлгүн деп, / Ошондон бери мен айттым, / Ар канча акыл кеп айттым, / Үмүтөй өзү бек экен, / Айткан сөздөн жанбаган, / Дегенин кылбай калбаган, / Көк темирдей эр экен, / Көгүрөөк туулган неме экен / Эби келсе абаке, / Тууганыңа теңелбе, / Душман киши ал эмес, / Тууганыңа өчөшүп, / Душмандашып калганың, / Семетей сага…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →