темине
- диал. Кооздоп жасалган ат жабуунун чет-четиндеги асемдүү торчо.
- диал. Алгыр куштардын канатындагы өзүнчө ылдый бөлүнүп турган үлгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Түпөктүү найза көк желек, / Топтоп турган аскердин, / Тийчүү жагын белгилеп, / Жылантору күлүктү, / Ыргыштатып теминет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кирген жерде эки эрен, / Экөө бирдей эр берен, / Темине кирип барышты, / Тек ортодон жарышты, / Эпсиз бүлүк салышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Айры сакал Сынчыбек, / Сартым келет бул жерге; / Жедигерден эр Багыш, / Чоң Үргөнчтөн Акун хан, / Кетментөбө Керкөкүл, / Кенен журтка бир өкүл, / Аргымагын темине, / Алар келет бул жерге, / Ысыккөлдөн эр Агыш, / Бүткөн бойу тарамыш, / Алматыдан Музбурчак, / Алар келет бул жерге, / Кытайдан келген Кылжейрен, / (Жүргөн эке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
ураан чакырып, / Жайнап жаткан көп колдун, / Алдынан утур жан чыкпай, / Жаны ачыган жаш арстан, / Аралап кирди элирип, / Камчы берип Күрөңгө, / Согончок менен теминет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →