темене
- Кап, таар, кийиз жана башка калың материалдарды тигүү, көктөө үчүн колдонулуучу жоон жана узун ийне.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ат жалын тартып мингели, / Кененим жүрөт, саламат, / Бучкагына теңебей, / Жалганы жок чынды айтам, / Жашырбай ички сырды айтам, / Жети дөөнү Кененим, / Бүткүл баарын жеңгенде, / Сага соога кылган жок, / Найза эмес темене, / Качан алды теңине?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ө илбеңер, / Жаш балдарды ыйлатып, / Чоголдук кылып тийбеңер, / Карышкырдай жалангын / Алайа тиктеп караган, / Жаш балапан өсмүрдүн, / Жүрөгү түшүп калбасын, / Темене канат жеткинчек, / Ошолорду айагын, / Ортодо тегиз угарбыз, / Айтып келген саламын, / Мойнуна салып камчысын, / Тааныбай калган кези экен, / Таасы менен алчысы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келин менен кемпирге, / Темененин баркы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эки күндөш Ак кандын кызын көрө албай, кайынсиңдисин багалбай өлтүрүп алыптыр деген жаманаттыга калтырыш үчүн "кыздын башын сен кара, ошондо мен мээсине темене кагайын, ошентип кызды өлтүрөлү", – деп кеңешип, Ак кандын кызыныкына келишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Иий, мына бит, иий, мына сирке, – демиш болуп олтуруп, кыздын мээсине теменесин кагып жиберет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →