темгил

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Түрдүү түстөгү так, белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…Кара сакал балбанды, / Каңгайга калба салганды – / Толтойду алган Гүлчоро, / Сыйкырга жанын катырган, / Кыйазды алган Гүлчоро, / Бүгүн Кутургурдан кем болуп, / Темгил ала тер болуп, / Ушинтип калган болорбу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жоболоң тартып Каныкей, / Темгил ала тер болуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →