телчи
- Жаңыдан кадам шилтөө, басуу (жаш балага жана жаш төлгө карата).
- өт. Өсө баштоо, жетилүү, жетилүү процессинде болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Шерди багып телчитип, / Ит ордуна ээрчитип, / Пили келет томпойуп, / Куйругу жок чолтойуп, / Зараба келет чаң салып, / Жандай чуркап койкойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Беш жашында телчиди, / Алты жашта эр жетти, / Жылкыга барып мал бакты, / Күндө сойуп семиз бээ, / Бээге кошуп тай сойуп, / Кымызга чайкап бал куйуп, / Эртеден кечке кемитпей, / Дасторконго май койуп, / Бай Жакыпты какшатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жашында багып телчиткен, / Жаш күчүгүн ээрчиткен, / Келсе катын майданга, / Телкүрөң менен сур качыр, / Албан түрдүү жүгүргөн, / Көкбука, Абыл, Жетилбай, / Чапканын көрүп Сейиттин, / Жетине албай сүйүнгөн, / Жаадыкөй катын беш уулу, / Карадөөдөн түңүлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эки чоро ээрчитип, / Жаш кулундай телчитип, / Жүргөн экен Семетей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Эки чоро ээрчитип, / Тел козудай телчитип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →