телпекте
- Сыны жок жүрүш-турушта болуу, жөнү жок аракеттерди жасоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алды келип оогандын, / Кол салгандын Күрөөкө, / Алдыртан утур шамалды, / Койо берди ал жерде, / Топурак учуп жер чаңдап, / Топодон көздү ача албай, / Малакайы делдектеп, / Этектери телпектеп, / Чыдай албай Апысы, / Күн жаадырып жиберди, / Топурак учпай арылды, / Жана ооган жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…с, / Оңой жумуш бул эмес, / Эртең менен күн тийип, / Өзөн ылдый суу келет, / Каптаган үйдү түтүндөй, / Асман тиреп буу келет, / Агып кетип жүрбөйлү, / Аралашып телпектеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…жүрүүчү, / Өчөгүшүп иттерге, / Өзүң кордук көрбө, деп, / Эми билинтип айткан бир кеби: / — Керменбай ага сен элең, / Аркаңдан ээрчип селпектеп, / Айырмач минип телпектеп, / Ойногон бала мен элем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Шамалга учкан телпектеп, / Мен ойлоймун камгакча, / Жетим болуп Семетей, / Мурас болду биздерге, / Ошондон бери карата, / Калдуубетиң баш болуп, / Кыргызга келсең кас болуп, / Бөлмөкчү болуп кыргызды, / Чар тарапка тарата.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →