телпей
- Сынынан кетүү, кебетеси жаман көрүнүү, жүдөө.
- Келишими, жарашыгы жок болуу (көбүнчө баш кийимге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылаңайлак, жылаңбаш, / Кийими жок жылаңач, / Чылбардай бар өргөн чач, / Жылдыздай көзү жылтылдап, / Уйдай мууну шылкылдап, / Эшектей кулак делдейип, / Оозу чолок кемейип, / Алдынкы эрди телпейип, / Келип турду майданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара кыргак бөрк кийген, / Темир кызыл ат минген, / Тегеле кыйын телпейет, / Тетектин бири кептенет, / Теңдешер болсоң сен келгин!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…эле, / Үй башына чуулдап, / Кызыл көтөн жылаңач, / Ойноп жаткан бала эле, / Далысын түйүп мөкчөйгөн, / Кызыл ээк чал эле, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшкөн телпейип, / Эпилдеп кыйын айткан сөз, / Канча кемпир бар эле, / Козголбой жылкы жуушасын, / Чочубай балдар уктасын, / Улуу-кичүү – баарысы, / Бүткүл каңгай тынч алсын, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →