телмир

китептерде 11 жолу, 4 китепте
  1. Бир нерсе күткөндөй, бир нерседен үмүт кылгандай жалооруп көпкө кароо, жалдырап туруп калуу.
  2. Зарланып муңайган, аянычтуу абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачанын кеби деп, / Бизге акыл эми деп, / Келгендердин ат-тонун, / Өзүнө берип бүт баарын: / — Кереги жок кишинин, / Кыргыздын алдым өз малын, / Мында турбай телмирип, / Үй-үйүңө кет барың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тегеретип эрлерин, / Телмирип карап турганда, / Арасында көп элдин, / Бактыбай жүрөт аралап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өкүмүнө көнүшөт, / Не дегенин беришет, / Теңдеше албай калмакка, / Телмирип баары жүрүшөт, / Баштыгы андай болгондо, / Талаа-түздө жүргөндү, / Калганы өзү билчү эккен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эр эмессиң, Сейити / Эси жоктун бирисиң, / Эркек кылар иш эмес, / Сенин мунтип жүрүшүң, / Тийбеген кызга телмирип, / Мындай тентип күйүшүң, / Желмогуз деп ат койуп, / Жаман атты кылышың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…н, / А дүйнө кеткен атаңдын, / Арбагын сыйлап жүргөнмүн, / Хан атаң Манас өлгөндө, / Каныкей азап көргөндө, / Темирхандын шаарына, / Тентип кетип сен калдың, / Телмирип Чүрөк мен калдым; / Тайатаңдын колуна / Жашыңда кетип сен калдың, / Жалдырап Чүрөк мен калдым! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →