телегей
- Байыркы кымбат баалуу кездеменин бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атасын Кара дөө жеген, / Абылды такка мингизди, / Жетилбай менен Көкбука, / Тилегин колго тийгизди, / Сейиттен эгизбиз, / Телегейи тегизбиз, / Атаң Темирбек болсо, / Болжолдуу күнү келиңиз, / Адам алдап, сөз танып, / Алдамак болсоң, Көкбөрү, / Анда өзүң билиңиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ктолду, / Көмөрүп башка кийгени, / Көл темирге окшоду, / Жеке баатыр эр болду, / Жер жайнаган беш урук, / Талаада калың эл болду, / Талаада жүргөн атын таап, / Телегейи тең болду, / Күүгүм кирип күдүңдөп, / Көз байланган кез болду, / Талаадан тапкан сур аты, / Жүгүргөнү тез болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Атын уккам Алмамбет, / Тегинде хандын уулу экен, / Телегейи тең экен, / Кара баштуу пендеден, / Кашкайа жалгыз эр деген, / Жашы жыйырма сегизде, / Аңтарылбас бел деген” / Агеркеч келип бир жолу, / Аруукеге кеп салып, / Айтып жүргөн иш экен, / Ошол үчүн Арууке, / Алмамбет жайын билчү экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Телегейим тең экен, / Ушуларга туш болгон, / Ырыстуу кыргыз эл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Теңдешер киши бизби деп, / Телегей кийген кызбы деп, / Теңтуш Чүрөк узбу деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →