тел1

китептерде 108 жолу, 8 китепте
  1. Эки энени эмген төл.
  2. Бири-бирине жанаша турган, жанаша жайгашкан эки нерсе.
  3. Түгөйү, жубу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арбын кошуун кол болуп, / Үч бөлөк түшкөн эл болуп, / Келгениңер жол тартып, / Коросон, Ооган жер болуп, / Жедигер кошо келиптир, / Айланып башы тел болуп, / Сайышып калдың не үчүн / Талашыңар не болуп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ар бир акыл ойлонуп, / Ар нерсе ичке жык толуп, / Арылбаган муң бул деп, / Айласы кетип Дабытай, / Баш айланып тел болуп, / Эшитер кулак кер болуп, / Эт жүрөгү чер болуп, / Качамын деп качалбай, / Чыгамын деп чыгалбай, / Коросондун элине, / Мурункудай ээ болуп, / Калдайып к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызылдын тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал ж… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тил сүйлөбөс тел болгон, / Кулак укпас кер болгон, / Абакемди Көкмончок, / Буурул атка мингизип, / Күндүзү шумкар салдырып, / Илбээсинди алдырып, / Ушундайча турганы, / Үч ай токсон күн болгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ат, тонуң баары тел болду, / Асты айанып тартынба! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →