текөөрлөш

китептерде 1 жолу
  1. Текөөрү менен тебишүү, тебишип кармашуу.
  2. өт. Кармашуу, каршылашып салгылашуу, бири-бири менен касташуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Анда Алмамбет кеп айтат, / Кеп айтканда деп айтат: / — Улуу-кичүү он төрт хан, / Ушу турган баары жан, / Уруш болуп кан төккөн, / Ажалы жеткен пенде өлгөн, / Текөөрлөшүп жоо менен, / Темир тийген эр өлгөн, / Кан майданга баралы, / Ой-дөңүн жакшы карайлы, / Баатыр Чубак көкжалдын, / Өлсө өлүгүн табалы, / Олуйа Кошой, зор Бакай, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →