текөөр

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Бүркүт же башка алгыр куштардын, короздун ж.б. тээп кол салууда, кармашууда колдоно турган арткы тырмагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Текөөрү болот ак шумкар, / Тегеренип учармын, / Теректүү жерге конормун, / Тербелбей терек көтөрсө, / Теги ошол жерде болормун. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бирден албай топ алган, / Текөөргө темир каптаган, / Жеткенин жарып таштаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →