текши
- Бирдей, бир катар, бир кылка.
- Бүт, туташ, жапырт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызыл чапан, жайдак төш, / Текши тоонун элдери, / Ашка келип бер, деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барабан ур он колдоп, / Тегеректеп келгенде, / Текши баарың тийгиле, / Намысы жок иттердин, / Кара боорун тилгиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Түзөңдүн болот аңдары, / Токойдун болот каманы, / Беш манжаңды карап көр, / Бардыгы текши турабы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
«Убаданы бир кылып, бар жерди текши кабарландырып туруп бир күнү кирели» деп камынып жаткан элдер бар экен деп да угулуп жатты.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Солдат текши көрүнбөй жатты бекен деп аралап көрүп жүрөт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →