текшер
- Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж.б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу.
- Бирдемеге жарактуулугун, сапатын, касиетин жана билим деңгээлин билүү, талдоо максатында сынакка алуу, сыноо, байкап көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айласы кетип жаңы хан, / Эл ичин жүрбөй текшерип, / Акылынан жаңылган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Улугу адил болсо ошол жерде текшерип көрсүн,— деп мойноп, көнбөй койгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Алар:"Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип көрөлү"-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп, жаңыдан койгону даярдап жаткан экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ушул олтурган аксакалдар, кан баш болуп, менин суроомду текшерип көргүлөчү, айткан сөзүмдүн катасы болсо кайта алайын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →