тектир
- Тоонун, бийик дөбөнүн же таштын, зооканын боорундагы, капталындагы түз жер, секи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тектирлүү жерде теке бар, / Текени неге атпайсыз, / Теңирим берген ырыскы, / Текенин этин татпайсыз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жазылыгы баатанын, / Кере кулач төш жары, / Калыңдыгы балтанын, / Апыртпайын төш жары, / Сырты тектир секидей, / Кимдер чыдайт баатага, / Баш калкалап бекибей, / Тиктеп турат Сейитим, / Эчтемеден шекибей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Таноосу тектир сеңирдей, / Теңдешсе жоодон эринбей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Адамдан бетер сүйүнүп, / Тамандары айыгып, / Аңыраңдап түйүлүп, / Тектирден теке алганы, / Текенин кардын жарганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бабайдын үйүнүн артындагы тектир эсиме түштү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →