тексиз
- Ата-теги, укум-тукуму, түпкү теги ким экендиги белгисиз.
- тар. Жөнөкөй, карапайым үй-бүлөдөн чыккан (ак сөөктөр тукумунан эмес), букарадан чыккан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетейдин кеби эми: / — Теги-жайым терип сен, / Тексиз киши дедиңби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Теги, атасын билбеген, / Тексиз кулдар болуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →