текечер1
- Эки жаштан өткөн теке.
- Бир эни алынган (чала биттелген) теке.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Коросонго Кесилет, / Качып кирди далбаңдап, / Жаман качкан аптыгып, / Эки этеги салбаңдап, / Мурду көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / — Баш кишибиз Дабытай, / Колуңда барды багып жеп, / Козголбостон жөн жатпай, / Чойун алп качып кеткенде, / Ушул жерден биз кайтпай, / Калмактан ко…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайра чапты дардаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Арданып Тапак калыптыр, / Арстан эрге качырып, / Акырып найза сайыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
чыгат агарып, / Ачылып оозу ыржыйып, / Кулагы пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту салбаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Туураланып айкырып, / Аңги эшектей дардаңдап, / Ой-тоону койбой жымырып, / Оп тартчуудай оозуна, / Көзү туман бүлбүлдөп, / Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →