теке1
- Эчкинин эркеги (колдо багылганы жана жапайысы).
- Элдик ай эсеби боюнча алтынчы айдын аты, какшыган жай чилдеси, июль айы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каңгайга казак кошулуп, / Аттанмак болду чогулуп, / Теке айында белгиси.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жакып байга караган, / Жаакташка конду эле, / Бакай хандын конушу, / Майбулакта болду эле, / Жамгырчыга караган, / Жайылмада болчу эле, / Текечинин конушу, / Тетиги турган кең Тескей, / Шыгай хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алм…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арка алган, кулжа алган, / Эчки алган, теке алган, / Элик, куран, жээрендин, / Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Арбын атсак текени, / Карылардын алдына, / Шыралга — деп — берели!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Кийикти кууп тиштөөгө күч-кубатым жок, курсагым ач, мага сүт алып келип бергин да тойгузгун, анан текени тиштеп берейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →