тезинен
- Токтолбостон, ылдам, дароо, ошол замат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир калыптагы жымжырттык бузулуп, тезинен бир жаңыдан дүйнөгө кезиксем дегендей болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кыздар чымчыктарды көшөгөнүн ичине кое берет да сиңдисин колдон жетелеп, тезинен күн чыккан тарапты көздөй бет алып качып жөнөшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө келип, конок болуп кет, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →