тезек

китептерде 17 жолу, 6 китепте
  1. Малдын кыгы, ошол кыктан жайып кургатылган отун.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келинжыр олжо бергенче, / Өлтүрөбүз кескилеп, / Сөөгүн сөпөт кылалы, / Тезектей муну тепкилеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Тезек терип, мал тосуп, / Барып калса Каныкей, / Катын менен балалар, / Көрбөй калса айла жок, / Көрүп угуп калса эле, / Кордук салат Чачыкей, / Бир үйгө башын каттырбайт, / Бирөөгө кебин айттырбайт, / Башкадан даам таттырбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жерди төрт бурч ойдуруп, / Көмдү ошо орого, / Талкалатып тезекти, / Ободогу булутту, / Байлап ага бекитти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Мен эшиктин алдында каптагы тезекти жамбаштап отурам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Абышка менен кемпир балага куран окуп, көл жээгине кой алып барып союп, кемпир тезек терип жүрсө, кызынын тонунун этеги чыгып жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →