тегирмен
- Эгинди майдалап тартууга, ун, талкан, шак жасоого ылайыктап курулган жай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ы- жашың калбастан, / Алдыдан тосуп чыксаңар, / Акылыңа төндүргүн, / Ушул бизден уксаңар, / Кылбасаңар айтканды, / Кылык кылам айткандай, / Каныңарды агызам, / Тегирмен эгин тарткандай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шакурду көрүп чыдабай, / Кирди Корун тура албай, / Чаба турган жарагын, / Жайын угуп алыңар: / Тегирмендин жети таш, / Саптаганы бек жыгач, / Жылгыс кылып бекиткен, / Шынаасы темир аралаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жараңдын оозун карасам, төрөм, / Эт чыгарган чарадай, төрөм, / Жүрөгүңдү карасам, төрөм, / Тегирмендин барадай, төрөм, / Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм, / Ак олпок кийбей аттанып, төрөм, / Адашып кандай жөнөдүң төрөм, / Баатырлыгың башкасың, төрөм, / Балбандыктан аш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кош тегирмен жүгүргөн, / Кош жаңырык үн салган, / Күрпүлдөктүн куйуштан, / Бир өзөндү бүт ичип, / Какшытып аны соолутту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →