тегирич

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Кооздук үчүн ууктардын матоосунун үстүнөн тегерете айландырып тартылган, чачысы керегенин башына тиертийбес болуп кооздолуп жасалган эндүү тасма, кооздук жасалга.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бастыргычы дейилда, / Баардык боосун терген жип, / Тегиричи кажары, / Чийи жибек чырмалуу, / Кырчоосунда чачысы, / Мончоктору тагылуу, / Сыпатын толук толтурган, / Эшиктин тышын ойдурган, / Бүркүт менен жолборстун, / Сүрөтүн чегип койдурган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Эзелтен жуулуп көрбөгөн адырайган, тегирич шымым дал-дал бөлүнүп, кири муздай колдоюп, такымымды кызартып, өйкөп жүрөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →