тегин

китептерде 41 жолу, 9 китепте
  1. Бекер, акысыз.
  2. Бекер, курулай, жалган.
  3. Бекерчиликке көнгөн адам, бекерчи, бош жүргөн, эч нерсе иштебеген адам.
  4. Жөнөкөй, жөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мени менен силерди, / Чагыштырып айтканын, / Манаста болгон урушту, / Салыштырып айтканын, / Бириң баатыр, экөөң хан, / Кептин тегин байкагын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Атын уккам Алмамбет, / Тегинде хандын уулу экен, / Телегейи тең экен, / Кара баштуу пендеден, / Кашкайа жалгыз эр деген, / Жашы жыйырма сегизде, / Аңтарылбас бел деген” / Агеркеч келип бир жолу, / Аруукеге кеп салып, / Айтып жүргөн иш экен, / Ошол үчүн Арууке, / Алмамбет жайын билчү экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эми билдим кеп тегин, / Мени сынап Сейити, / Мал тийгизген какшык кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жылганын күнгөй бетинде, / Аскалуу таштын тегинде, / Өзөндүү суунун жээгинде, / Бир топ бугу кочурап, / Жайылып турат бир жерде, / Карды ачып кайышкан, / Чамасы жок тайгандар, / Бугуну басып жээрге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ал убакта байлар, соодагерлер калааны кан сасытып, бирөөнүн тегин эмгегинен чардап жатканда биз өңдөгөн томаяктар жалгыз эчкини аркандап коюп, көк кылаңгыр сүт ичип отурчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →