тегиз

китептерде 67 жолу, 10 китепте
  1. Түз, уңкул-чуңкулу, өңгүл-дөңгүлү жок, жылма.
  2. Текши, ала-чокул эмес.
  3. Жалпы, баары.
  4. өт. Баарына бирдей мамиле кылган адилет.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Каңгайдан өлдү он сегиз, / Баары балбан эр тегиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ткен тайган ити бар, / Толгомо саптуу камчы бар, / Жанында эки киши бар, / Кадырлуу Кошой абаңдын, / Көрө койуп караанын, / Урматын кылып бардык хан, / Түшүшүп тегиз атынан, / Көрпөчөнү жайышты, / Кадырлуу Кошой карыны, / Каркыттап жөлөп алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эртең менен байкаса, / Жыйырмасы чыкты чубашып, / Баары тегиз кыз бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Баарыбыз тегиз баралы, / Атакемдин арбагын, / Баарыбыз сыйлап жаналы». Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Деп ойлонуп Калдуубет, / Кара баштуу бендеден, / Башкача туулган кара нээт, / Тегиз тоо карай ат койду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →