тегеретме

китептерде 3 жолу
  1. Ат чабуу ж.б. мелдештерди өткөрүүгө ылайык айланып жүрмө жолу бар жайык жер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тегеретме тээги бар, / Тигип койсо тээгине, / Ачылып кетер чени бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Тегеретме теги бар, / Тартып салар жери бар, / Кендемеде көп аскер, / Бекер жаткан чени бар, / Эсен хандын аларга, / Эми айтар кеби бар: / — Аскер менен букара, / Калбай түгөл такыр бар, / Макилди суудан өткөрбөй, / Көпүрөнү тарта сал! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атайын барып караса, / Тегеретме жээк экен, / Ар жагынан бер жакка, / Түртүп коймо жер экен, / Тийип койсо шалп этип; / Түртүп көрсө Ажыбай, / Нары кетти шалк этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →