тегерете
- Айландыра, туш-тарабын курчай.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ошол кезде айкөл шер, / Көзүн ачып, каш серпип, / Тегерете карады: / — Үй тиккиле камданып, / Алмамбет менен Чубакты, / Көчүрүп кел жабылып, / Аркада калган эл келет, / Тогуз-он күн аз калды, - / Андан башка кеп кылбай, / Ушул болду айтканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Акактай жеңең Айчүрөк, / Орогон алтын дейилда, / Ороосун алып колтуктап, / Мунарда туруп баланы, / Тегерете каратты, / Ал баланы көргөндөр, / Акылынан адашты, / Так Семетей экен, деп, / Көргөндөр айтып баалашты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тегерете караса, / Теңгедей болгон арал жок, / Теңир урган бул суунун, / Акканында карал жок, / Өйүз-бүйүз кыдырып, / Кечүү сураар киши жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Алмамбет шердин баласы, / Гүлчоро абам белем” – деп, / Атынан түшүп, жүгүнүп, / Эркелеп турат көк дөбөт, / Тегерете жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Кандын айласы кетип, атып да, кесип да ала албай акыры от менен чыгар деп, тегерете карагайды үйүп, темирди ысытып жатканда, Чыныбек келип коңгуроосунун үнүн чыгарды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →