тегерет
- Айландыруу, тегеренген абалга, кыймылга келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тегеретип эрлерин, / Телмирип карап турганда, / Арасында көп элдин, / Бактыбай жүрөт аралап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Солкулдатып жер-сууну, / Жер жайнатып айдады, / Жетимиш миң көп колду: / — Жүргүң, колум, жүргүлө, / Четке киши чыгарбай, / Тегеретип алалы, / Кыргыздын колун бул күндө, / Бүгүнкү түндөн чыгарбай, / Баарын кырып салалы, / Балбандары беш экен, / Баарын кармап алалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алтоо камап аскерди, / Коргон кылып салыптыр, / Ортосунды айкөлдү, / Тегеретип калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кайсы жагы саа жарык, / Тегеретип ойлосоң, / Колумду булгап тийгизбей, / Тилимди тартпай сүйлөйүм, / Талгакчы киши мен болсом,.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Чыныбек эртең менен эликке барып чынар теректин түбүндө жаткан жеринен, арканын үч тегеретип ыргытып, атына минип, көрүнбөй кете берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →