тегерен

китептерде 30 жолу, 9 китепте
  1. Бир нерсени тегерете айлануу, тегерете айланып жүрүү.
  2. Өз огунда айлануу, чимирилүү.
  3. Эмне кыларын билбей, калдактап шашып калуу, шашкалаңдап карайлаган, айласы кеткен абалда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

кеп менен, / Жүрүп кетти кыргыздар, / Коргонго түнөп ал түнү, / Ары-бери толгонуп, / Таң атырды көз жумбай, / Таңга жакын болгондо, / Кеп сурады Акмаңдай: / — Тегеренип Таласты, / Коргонду душман камаса, / Жатаар элең козголбой, / Таң агарды бүгүн түн, / Үшкүрүнүп көз жумбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат арытып айкөлүң, / Коңурбайды таба албай, / Тегерене бериптир, / Кетер жолун биле албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ар, / Басканы башка алчактап, / Айбандан башка көрктөнөт, / Үстүндө минген адамзат, / Колунда алган кушу бар, / Канаттары жаркылдайт, / Учуруп койсо үстүндө, / Тегеренип калкылдайт, / Доолбас уруп какканда, / Учуп чыккан өрдөк, каз, / Түк бирөөнү куткарбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Тегеренип айланып, / Он күнү жүрүп жер чалып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртең мененки жаңы салкын сууга жуунуп, кир көйнөгүмдүн этеги менен будалап, сүрткөн болдум да короону тегеренип кайра бастым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →