тегеректе

китептерде 90 жолу, 9 китепте
  1. Туш-тарабын айландыра курчап тосуу, тегерете курчоо.
  2. Тегерек салуу, тегерек чийүү, айландыра чийүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз хан элин чакырып, / Аскер жыйнап жам кылып, / Тегеректеп кыргызды, / Алабы деп кар кылып, / Баралы бирге дегенбиз, / Бадакшанга чогулуп, / Аңгычакты Каракөз, / Бактыбайга катышып, / Бейкут жаткан кыргыздын, / Баарына кабар угузуп, / Катын алды Жасанды, / Калкын кылды каранды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
деп, / Айылдан кийиз алышты, / Төрт бурчунан көтөрүп, / Айылга бара калышты, / Чуркураган үндү угуп, / Туйунуп Көкөй калышы, / Жете барып балага: / — Жинди болгон кишиге, / Тегеректеп турбаңар, / Ай менен күндүн кулагы, / Тийишип казак элинде, / Айлыңда турса душмандар, / Жай-жайына тараңар, / Жан сактоо жагын караңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегеректеп келгенде, / Тентек тууган Кененим, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагы катуу чүмкөнүп, / Каз таман найза карманып, / Манастап баатыр үн салып, / Качырып кирди бет… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чубак, Сыргак бой уруп, / Аралап кирди көп элге, / Адам аккан бул селге, / Торун топтоп кармашып, / Тобу менен жармашып, / Эр Сыргакка он миңи, / Тегеректеп тор салып, / Канча тордун ичинде, / Сыргак калды капталып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоро менен Чачыкей, / Алдырып келди коргонго, / Элүү миң ашуун эл турду, / Тегеректеп ошондо. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →