тегерек

китептерде 46 жолу, 9 китепте
  1. Шакек, алкак сыяктуу форма.
  2. Айлана-чөйрө, теребел.
  3. Кандайдыр бир нерсенин айланасы жээги, чети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бышырып келген эттерин, / Калтырбаган кем-керчин, / Көөкөрдөгү кымызын, / Арагы менен барысын, / Астына койуп абаңдын, / Тегерек тартып олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тегеректей калгыла, / Орто жерге алгыла, / Тайгандай кылып жетелеп, / Таласка алып баргыла! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сомбилек жаткан чоң жыгач, / Ар шагына ар түрдүү / Канаттуулар уйалап, / Тегерек канат болгондо, / Балапандар эсирип, / Чалгындарын кайчылап, / Алды калды жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Тегерек тынч. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Үйдүн тегерегинен ханды алты жыл издесең да табалбайсың, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →