тебетей

китептерде 47 жолу, 10 китепте
  1. Кыруусуна көрпө же аң терилери (түлкү, суусар, кундуз ж.б. териси) салынып тигилген жылуу баш кийим.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, / Күн чагылып жаркылдап, / Кулакка сүйкүм угулуп, / Күлкүсү башка шыңкылдап, / Керегедей жарданып, / Башында кундуз тебетей, / Мойундары койкойуп, / Кийгенине жарашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тоодой чочко кыйшайбай, / Чолпонбай өтө бергенде, / Аркасынан урады, / Ат үстүнөн Чолпонбай, / Тебетейдей кулады, / Бактыбай, Сүйүн, Чолпонбай, / Катарынан сулады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Кана Кошой абам?-деп, / Керкөкүлдүн айтканы, / Ырчы жооп айтпады, / Айтпагандын себеби, / Карачоро Камбыл алп, / Тебетейдей ырчыны, / Ыргыта сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Өзүн карасам: чапанынын оң колтугу менен этеги жыртык, жапырайган жаман тебетейи бар, маңы жапыз, сөзгө жарды, жанга жазыгы жок момураган бир бечара. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Ой, досум, тебетейим түшүп калды! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →