тебеле
- Тепсөө, кайта-кайта баса берүү, таптай берүү.
- өт. Эзүү, үстөмдүк кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Чай ичкен бала Чигитей, / Кымыз ичип ала элек, / Суусуну мунун кана элек, / Күр эле кирди ал үйгө, / Күллү баары тебелеп, / Бул эмине шумдук?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Томураңдап пил келет, / Дүк-дүк желип далбаңдап, / Тумшугу анын бул…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Теңири бирге теңтуштун, / Тебелеп урсаң – ойун”, дейт, / Канчоронун кылыгын, / Гүлүсүм анын бири дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тебелешип калышты, / Гүлчоронун күч менен, / Колун байлап алышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →