таңырка

китептерде 10 жолу, 5 китепте
  1. Таң калуу, таңдануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра басып керилип, / Коңшуларын келтирип, / Ажыбай кул келе атат, / Ардактап атын албаңар, / Камап барса көп дөбөт, / Чык деп айтып салбаңар, / Талаага чыгып бирөөңөр, / Таңыркап карап калбаңар, / Албагансып теңдике, / Тескери кеткин барыңар! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элебей турсаң эндекей, / Түгөткүдөй баарыңды, / Түптүз кылып шаарыңды, / Жете келет Сейити, / Кайкатып сапка тизгиле, / Аскер менен эриңди, / Тура берип таңыркап, / Сындырып алба белиңди, / Чалдырабай орунда, / Тапан хан айткан кебимди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тамаша көрүп таңыркап, / “Тигиндей тарт, мындай чап” / Башкарып турган биринен, / Жыйырмаларда жашы бар, / Сөөлөтсүнүп керилген, / Бирөөнөн бала сурады: / — Сымбаттуу сонун агамсың, / Мен жолоочу келген баламын, / Талаасы топ-топ чогулуш, / Көз кайкаган Таластын, / Кайсы экенин биле албай, / Аң-таң болуп турамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Эки тоонун арасында, сайдын боюндагы жети-сегиз түтүн Кызайдын айлына кеч курун суукта келип, жүк түшүрүп жатсак айылдын катын балдары бизге таңыркагандай жабалактап чыгып, карап турушту. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп таңыркап оозун ачып карап турганда короз шарт бир коёт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →