таңшы
- Мукам үн менен кубулжута сайроо.
- Кубулжуган үн менен жагымдуу ырдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Булбулдай сайрап таңшыган, / Балаң бардыр бириңдин, / Эки көзүн шишитип, / Эртеден кечке ыйлаган, / Энең бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тер аккан жок чыпылдап, / Молдо торгой, сандыгач, / Жагымдуу сайрап быжырап, / Күкүктөр таңшыйт үн салып, / Зейнепти таап алгансып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Баатырдын уулу чунагың?, / Жер сонунун көрүптүр, / Түн уйкусун бөлүптүр, / Бакасы чардап көлүндө, / Булбулу сайрап чөлүндө, / Булагы агып ташыган, / Булбулу сайрап таңшыган, / Муңдуу бенде жашыган, / Күкүгү сайрап таңшыган, / Күмүшү арзан ташынан, / Күкүктүн үнүн укканда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бара-бара тим эле комуздай таңшытып, бүт үйрөнүп алат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →