таңдан

китептерде 68 жолу, 8 китепте
  1. Таң калуу, таңыркоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сынчы маңгыт, хан Калдык, / Бекбачаны карады, / Турнабайын түз салып, / Турганына жолборстун / Карап Калдык таңданып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көк түпөк найза карманып, / Көргөн бенде таңданып, / Көрктөнүп калмак шаңданып, / Карап турат Кара көк, / Канчалык киши калмак деп, / Катын баасы арбак, деп, / Калмактан найза жеткенде, / Учу келип олпокко, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кытайдан келген Кылжейрен, / Кызыккандай элирген, / Байкасаң көзү башкача, / Күйгөн шамдай керилген, / Алмамбет дайым таңданып, / “Бактыма бүткөн ат” – деген, / Ошол үчүн казактан, / Күлүк бер мага дебеген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Козголуп койбойт кыбырап, / Карап турат зымырап, / Көргөн жанды таңдантып, / Көк мейкин зоодой зымылдап, / Кездемдин боосун чубалтып, / Кез керип найза чунайтып, / Тапакка чокмор чаптырбай, / Телкүрөң менен чубатып, / Оң колтуктан көтөрө, / Сайып өттү Тапакты, / Ат үстүнөн сулатып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баса түшүп бурулуп, / Аркасын карап кылчаңдап, / Таңданып турган жигиттер, / Күлүп калат ырсаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →