таңдай
- Ооз көңдөйүнүн жаа формасында ийилген үстү жагы, тилдин үстүңкү жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Нурпануну периден, / Бекбачанын алганы, / Пендеден алдым үч катын, / Биринен бала калбады, / Колумда бар Айбала, / Адамдан артык Акмаңдай, / Булбул тилдүү жез таңдай, / Алты жыл ноокас болупмун, / Текес, Күнөс, Жылдызда, / Кырылып кыргыз болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Казактан чыгып кайгырып, / Кадырлашы Көкчөдөн, / Каргаша болуп айрылып, / Күн батыш алып маңдайга, / Тили кургап таңдайда, / Чыканак жерге салбастан, / Чырым уйку албастан, / Тирүүлүктүн кубаты – / Тырмактай даам татпастан, / Аты керт этип чөп жебей, / Чөп жесе да, көп жебей, / Эр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өкүрүп, / Жалаңгычтай көрүнүп, / Карыга чейин билегиң, / Май алчудай түрүнүп, / Алдында минген тосур ат, / Албан түрдү жүгүрүп, / Аркасынан чыккан чаң, / Аткан таңдай түрүлүп, / Жер килити сөгүлүп, / Көргөндүн көөнү бөлүнүп, / Көбү калды букара, / Гүлчородон түңүлүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кундуздай жүнү жылтылдап, / Кулжадай башы кылтылдап, / Төрт айактан чыккан от, / Чакмак таштай жылтылдап, / Аткан таңдай суурулуп, / Аркардай таңы көрүнүп, / Урду десе таш эмес, / Учту десе куш эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Көп жол жүрүп, көзү тунарды, таңдайы катып чөлдөрдө суусады.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →