таң-тамаша
- Оюн-күлкү, шаттык, сайрандоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отуз күнү той болду, / Таң-тамаша көп болду, / Тайталаш болуп бакылдап, / Таталашкан жок болду, / Карахандын бергени, / Эки жүз төөгө жүк болду, / Күйөө жандап келгендер, / Жайкы гүлдөй теңселер, / Алмамбет, Чубак, эр Сыргак, / Келишкен булар ченебей, / Кээ бир катын бушман жейт, / Келип калып элебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кем-керчи жок баарында, / Калың кыргыз эл чогуу, / Каадасынча күтүнүп, / Баары калбай сүйүнүп, / Чакырып келип молдону, / Нике кыйып балдарга, / Таң-тамаша той бүтүп, / Жай тарады, эл чубай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →