таята

китептерде 10 жолу, 2 китепте
  1. Эненин атасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Таятасы Кара хан / Ботодой болуп буркурап, / Бүткөн бойу зыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Таята, таекелерим, четинен бай. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мен таятамкынан кеткенде туура Кызыл-Кыяга бардым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
— Сен баягыда таятаңдыкына кеткенден кийин, силердин үйдү Кызыл-Кыяга көчүрүп алып, бүгүп таштап, жетимдерди биздин үстүбүзгө кийрип алганбыз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Мени таятамдыкынан алып келген себеби да ушул көрүнөт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →