тая
- Жөлөө.
- Белгилүү бир чекке жакындап баруу.
- Бир нерсеге негиздөө, такоо, байланыштыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Күн бешимге таяп калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бурмаке бөкчөңдөп, күчү жок бутун араң шилтеп, тайгактан тая-тая кетип баратып, кыямат кайым эми орногондой кезек-кезек бирдемелерди кобурап коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бир күнү кечинде барсам мага бир жуп-жумуру калач берип жатып эки бөйрөгүн таянып тура калып, көзү менен карап калып мага бирдеме деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым түгөнбөс күл азык алып, темир чокой кийип, темир таяк таянып, карындашынын сөөгүн издеп жөнөйт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Хан эми өзү жашынганын да таптырып, Чыныбек жашынганда таба албай, аялын уттуруп ичи күйүп, хандыгына таянып аялын бербей койду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →