ташырка

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Таштуу жолдо көп жүрүп, туягы кетилүү, тажап, жакшы баса албай калуу.
  2. өт. Көп баскандан таманы кабарып кетүү, чарчоо, талыгуу (адамга карата).
  3. өт. Чарчоо, алсыроо, жадап жалакайлануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чапкыласа чаалыкпас, / Алты ай чапса арыбас, / Такасыз минсе жай-кышы, / Туйагы болот жаралган, / Ташыркабас Май тору, / Минээр аты ал болду, / Жоо жарагым, кийимим, / Калбай баары тел болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ташыркаган ат өңдүү, / Талаада жалгыз куурады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлмөк болду байталы, / Ташыркап бутун алдырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Торгойакун экөөбүз жыңайлак элек, ушул жерге келгенде ташыркап, жадап калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →