ташы2
- Бир жерден экинчи жерге алып баруу, жеткирүү.
- Жазууда сөздүн ошол сапка батпай калган бөлүгүн экинчи сапка алып барып жазуу, ташымалдоо.
- Бирөөлөрдөн уккан сөзүн, кандайдыр бир кабарды, маалыматты башка бирөөлөргө айтып жеткизүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мылтык алды, жаа алды, / Мылтык алып тарсылдап, / Жебе тартып зыркырап, / Салмоордун ташы чыркырап, / Асманга учуп топурак, / Милтенин баары кызыл чок, / Боздоп учат аткан ок, / Жандан тойуп кыргыздар, / Баарысында жан-ман жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Түндөсү боону тарттырган, / Топосун сыртка ташыткан, / Күндүзү кайта ноо койуп, / Суу менен оозун бастырган, / Үстү менен суу аккан, / Түбүндө айар жай казган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Куйалы кыз балбан, / Капканын кара ташына, / Бастырып барды көтөрүп, / Күүлөп-күүлөп булгады, / Кырчактан нары урганы, / Тоонун көбү кулады, / Ичегиси чубалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кеңкөл өөдө жүрдү, дейт, / Кеңкөдун төркү башына, / Адырмак аска ташына, / Алар чыгып келди, дейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзүнүн асыл ташынын күчү аркылуу адамды да тирилтип алганы үчүн бала аябай кубанып, аны өз агасындай көрүп дагы жүрүп отурду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →