таштуу

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Ташы көп, таштак.
  2. эск. Белгилүү болуп туруу максатында (кытай, калмак төрөлөрүнүн) баш кийимине сайынып алган ташы бар, белгиси бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздын аты барбаган, / Кырчак таштуу жер барбы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Санаасы сан, кыйал миң, / Калдагай кулак өзү бир, / Мээнет акыл таптырбай, / Ачылбай келет көөнү кир, / Тоо кылкалап жол басып, / Корум таштуу бел ашып, / Күн алтыга жеткенде, / Кашкарга келди жанашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Тетиги турган жеринде, / Сарала таштуу жер эле, / Жалгызкөз булак суусу бар, / Чөбү чирик кур эле, / Таштап кетмек болчумун, / Чыгарып койуп бул жерге, / Эңкейип Мажик кармады, / Байлаган жипке эки сан, / Этин колдон алганы, / Бир карынга үч боорду, / Чогултуп Мажик салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өзүңөр кылган ишиңер, / Өз башыңа келтирип, / Тарпыңды таштап талаага, / Тамтыгыңды кетирип, / Албасамбы өчүмдү, / Олубасам көзүңдү, / Өлүгүңдү кажырга, / Талатпасам өзүңдү, / Атама берген зарыңды, / Каратып туруп бербесем, / Жыпжылма кылып барыңды, / Талпагыңды какырга, / Таштуу жерге кербесем! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Өзү таштуу жерде күңгөйдө болот. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →